Башында менин наставнигим болгон эмес ошол үчүн көп ай жыйынтыксыз багытсыз билимсиз иш кылып жүрдүм.
Азыр мен мен 24 жаштамын ютуб себеп болуп менин курагымдагы 99% жете элек ийгиликтерге жете алдым. Баары Кудайдан жана талыкпаган мээнет, ютубтан сөзсүз бир несе чыгат деп артына түшүп
иштегенден.
Ата-энемди, чоң энемди умрага алып бардым. Бир жылда 3 өлкөнү барып үй-бүлөм кыдырдык жана бир нече убакытка ал жакта жашадык.
Ар бир кыял ишке ашат эгерде максатыңызга ишенип артынан кууп түшсөңүз. Эгерде болобу болбойбу кылсамбы кылбасамбы, точнабы жеп күмөндөнүп жүрө турган болсоңуз эч нерсе чыкпайт . Мен сизге ишенем, менин колумдан келдиби сиздагы бул тармактан ийгили жарата аласыз.
Нан, самсы жасап иштедим студент кезим 1-курс, күндө түнкү саат 2:30 Ош базардан ортомчусуз самсыга эт алып келүү үчүн турмай.
4:00 бир кап ундан камыр кылыш керек, ачыганда кийин андан нан жасайбыз.
11-классты жатып окуган лицейде окудум, мурун ата-энемдин алдында болуп акча кайдан келерин билбей жүрүпмүн.
Каникул убакыттарда түнү менен мойкада иштеп, күндүз мечиттерде уктайм. Кийин жеңилирээк жумуш издедим себеби сууктун күнүндө муздак суу менен шамал ачык жерде иштеп ооруп калып жаттым. Официант болуп жумушка орноштум, ал жакта жылуу болгону менен бутуң ордунда турбайт, күн аягында баспай каласың чуркап жүрүп.
Кайра эле мойкага кирдим ошол жакта жатып иштейт элем албетте окуум менен бирге. Бир жерин чийип алсаң же жуулбай калып кетсе укпаган сөздү бой бобн көтөргөн байлардан угам.
Кесибим менен билимиме жараша коңшуларымдын балдарын отура баштадым, чынында билим берүү бул да өнөр экен. Алардын каприздерине макул деп тарбиялап туура билим берүү жана түшүнүктүү жеткирүү керек. Онлайн заманы бизде кеңири тарала электе онлайн берип баштагам. Ошону менен эле бирге ютубка соц. эксперимент видеолорду тартып чыгарат элем. Ютубтан киреше көрсө болот экенин билип аракет кылып бирок таштап салгам.
Карантин учурунда толук онлайн иштөөгө өтүп СММден 120 000 кирешеге чыгып үйлөндүм, мурда өзүм видеого тартылып жүрсөм кийин жүз көрсөтпөй видео тартса болот экенин билип ютуб көрсө олуттуу жумуш экен деп кызыгып изилдене баштадым.
7-айлык мээнетимден кийин ютубтан киреше чыктым.
Чынында уктабай чыккан түндөрүм көп болгон себеби мен бир учурда эле студентмин ал жакта милдеттерим бар, атамын үй-бүлөсүн бага турган. Менде өзүмдү кароого чач алууга да убакыт болбой калган. Практикада болосуң күнүңдүн жарымы кетти. График тыгыз болуп жатса да жок дегенде 2 саат иштейин ютубка деп отуруп иштейт элем. Кылбаган нишам кылбаган ыкмаларым калбаган.
Эгерде тынымсыз 6 ай 3 жума ютубка иштеп таштап койгонумда болбогон неме экен да калып кетет элем.